Биздин артыкчылыктар • Technodom Career
image image
image

БИЗДИН
АРТЫКЧЫЛЫКТАР

Компания Технодом – бул дүкөндөрдө жана офистердеги кызыктуу жумуш гана эмес, ошондой корпоративдик жашоо.
image
image image

Активдүүлөр үчүн

image image

Креативдүүлөр үчүн

image image

Алдыңкылар үчүн

Машыгуу залы

"Технофитнес" дени сак жашоо территориясы, аянты 2000 кв.м.!
image БО жакын жерде ыңгайлуу жайгашкан;
image Кесипкөй машыктыруучулардын командасы;
image Машыгуучу зал;
image Ар кандай багыттагы группалык программалар үчүн зал (кардио, күч, бий, йога, пилатес ж.б. релакс программалары);
image Зал CYCLE (велосипед менен группалык программалар);
image Бокс күрөш өнөрү залы;
image Ар кандай инновациялык жабдыктар менен кардио зонасы;
image Чайкануучу жери менен ыңгайлуу чечинүүчү жайлар;
image Саунасы менен VIP чечинүүчү жер;
image Технопатриоттор жана алардын жакындары үчүн эң негизгиси- ыңгайлуу баа сунуштары иштелип чыккан.

ECODOM

Technodom Компаниясынын жетекчилиги ар бир кызматкерге кам көрүү менен - «ECODOM» активдүү эс алуу зонасын ачты!
Бул жыгачтан курулган үйлөрдөн турган бийик тоолуу комплекс - ашкана, жуунучу комплекс, балдар жана спорттук-ден соолукту чыңалтуучу аянт, унаа токтотуучу жай. ECODOM Алатау тоосундагы Казачки капчыгайында жайгашкан.

Комплекс жылдын кайсы мезгили болбосун ар кандай корпоративдик иш-чараларды, тимбилдингтерди, эс алууларды, спорт менен машыгууларды жана таза абада үй-бүлө менен эс алууларды өткөрүүгө даяр.

Биз ECODOM ар бир Технопатриоттун сүйүктүү жерине айланаарына ишенебиз.
ECODOM Комплекси Казакстандын уникалдуу жаратылышын сактоо жана жаңы муунга биринчи абалындай кылып берүүдө - Компаниянын негизги коомдук миссиясына айланды.

Биздин топтор

Футбол командасы
«Технодом» чакан футбол командасы 2012-жылы түзүлгөн.

Команда түзүлгөн күндөн тартып, биздин жамаат ар кандай улуттар аралык жана жергиликтүү турнирлерде, чемпионаттарда регулярдуу катышып, байгелүү орундарга гана эмес көп жолу Чемпиондор наамына ээ болушту.
Баскетбол командасы
«Технодом» баскетбол командасы 2019-жылы түзүлгөн жана азыркы учурда кийинки турнирлерге даярданып жатышат.

Балдар жумасына эки жолу машыгышат, мыкты жыйынтыктарды беришет жана командага жаңы оюнчуларды күтүшөт!

Креативдүү борбордук офис

Компаниянын борбордук офиси Open space концепциясында иштелип чыккан, акыркы техникалык жабдуулар менен камсыз болгон жана ыңгайлуу иш процессине керектүү нерселердин баары эске алынган. Зоналар иштөө үчүн ыңгайлуу акустика жана жарык берүү менен камсыз кылуу үчүн өз ара бөлүнгөн.

Жолугушууларды өткөрүү үчүн ар бир кабатта бир нече конференц-залдар бар, ал эми аз убакытка эс алууну каалаган кызматкерлер үчүн уктоо жана эс алуу бөлмөлөрү бар. Атайын жабдуулар: кыска убакка уктоо жана күчтү калыбына келтирүү капсулалары орнотулган.
Жана ошондой эле ар бир кабатта ашкана техникалары менен камсыз болгон тамактануучу жайлары жана өз алдынча жылуучу тирүү дубалдар (алар органикалык аба желдетүү кызматын аткарат) бар.

Technochef

Бул заманбап кулинардык студия, ал жаңы техника жана идиш-аяктар менен камсыз кылынган. Бул жерде техниканы тестирлөөнүн жаңы форматы катары чоңдор жана балдар үчүн кулинардык мастер-класстар өткөрүлөт.

Шеф ашпозчу Лоран Дельмас.
Европадагы көптөгөн жогорку стандарттары менен белгилүү ресторандарда жана ошондой эле Bayer, British Airways, Reckitt Benckiser компаниялары менен иштеген.

Лофт дүкөндөр

2017-жылы «Loft» жаңы ультра-заманбап стилиндеги дүкөндөр чыга баштаган. Ушундай стилдеги дүкөн - Технодом Алматы Рамстор, Назарбаева 226 дарегинде жайгашкан.

Eco кыймылы

Технодом өзүнүн «Жаратылышты жакшы көрөбүз, Казакстанды жакшы көрөбүз» деген эко-кыймылын түздү!

2015-жылы биздин Компаниянын негизги акционеринин демилгеси менен «Жаратылышты жакшы көрөбүз, Казакстанды жакшы көрөбүз» деген ЭКО-кыймылын түзүлгөн, анын идеясы- биз жашап жаткан жана кийинки муун жашай турган курчап турган чөйрөнү коргоо.

Эко-кыймылы түзүлгөн мезгилден тартып, биздин кызматкерлердин күчү менен 25 тоннадан ашык таштанды чогултулган жана электрондук таштанды чогултуу үчүн 120дан ашык эко-бокс орнотулган.

Биз полиэтилендик баштыктарды колдонуудан баш тарттык , ал эми 2018-жылы өткөн «Менин Үйүм» эко-фестивалы Медеу капчыгайына отургузулган 1000 карагай көчөттөрүн отургузуу менен көпчүлүктүн эсинде калды.

Биздин баалуулуктардын бирден-бири – социалдык жоопкерчилик! Биз жаратылышты жана Казакстанды жакшы көрөбүз.

Уктоо капсулалары

Офисте күчтү калыбына келтирүү жана кыска убакытта уктап эс алуу үчүн атайын релакс бөлмөлөрү бар. Уктоо Капсулалары- бул 20 мүнөттүн ичинде уйкуну кандырууга жол берген, жатууга ыңгайлуу болгон креслолор.

Капсулалар ыңгайлуу формада, уйкуну келтирүүчү мелодия жана ар кандай вибрациялар менен тез аранын ичинде уктоого жардам берет. Ошол үчүн жумушта сен уктап калбаарың анык!

Өзүнүн билим берүү борбору

Билимдердин чөйрөсү – Казакстандын рыногундагы сейрек көрүнүш– билим берүү корпоративдик борбор ичтен окутуу укуктары менен чексиз мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Билим берүү чөйрөсү 5 жылдын ичинде чоң жумуштарды бүтүрдү: Казакстандагы Джон Шоулдун биринчи класстагы тейлөө программасынын биринчи лицензияланган өкүлү болду, Technodom кызматкерлери үчүн көптөгөн үйрөтүүчү тренингдерди өткөрдү жана башка компаниялар үчүн үлгү көрсөтө алды.
image
КӨРДҮҢБҮ, БИЗДЕ КАНДАЙ СОНУН! БИЗДИН КОМАНДАНЫН БИР БӨЛҮГҮ БОЛ!
Силерге кошулгум келет
Биздин эл
image
Команданын бир бөлүгү болуу
Форманы толтур жана резюме менен файлды тирке

    image
    image
    Класс! Арыз жөнөтүлдү! Биз сага сөзсүз түрдө кайра чалабыз!
    image