Биздин эл • Technodom Career
image image
image

Биздин эл

Биз кесипкөйлөрдүн командасын 2002-жылдан бери куруп келебиз.

Компания бардык жаңылануу жана өнүгүүлөр үчүн ачык – «Technodomдо» биз менен бирге өнүк.

image
image
image image
Сергей Ким
коммерциялык директор
Компания негизделген күндөн тартып иштейт.
«Мен Technodomдо алек болуп жаткан нерсемди жумуш деп айта албайм, себеби мен жумуш менен жашоонун ортосуна чек койбойм. Бул жерде менин жашоо мектебим өттү»
Сергей өзүнүн жумушу жөнүндө абдан жылуу пикирде. Сергей Технодомду жакшы көрөөрүн жана көп жылдардан бери жан дили жана берилгендик менен эмгектенип келе жаткандыгын билдирүү менен бирге күн сайын жаңы тажрыйбага ээ болоорун айтты. Сергейдин командасы жыйынтык алууга, ар дайым жеңишке жетүүгө жана ар дайым жаңы нерселерди үйрөнүүгө умтулушат. Ал өзүнүн командасын көп кырдуу жана кызыктуу деп эсептейт жана ошондой эле алар жамааттан да чоң маниге ээ- алар бирдей көз караштагы достордун катарында.

Эгерде жаңы жагдайларга даяр болсоң, анда Сергейдин командасына кошул!
Силерге кошулууну каалайм
image image
Айжан Картова
финансылык бөлүм, башкы бухгалтердин орун басары
Компанияда 2016-жылдан бери эмгектенет.
«Биздин слоган «Технодом – баарын чын жүрөктөн жасайбыз», ооба, биз баарын чын жүрөктөн жасайбыз жана Technodomдү сүйүү менен мамиле кылабыз»
Айжан Technodomдо интервьюдан өтүп жатканда эле өзгөчө атмосфераны сезген. Ошол себептен, ал дароо эле ушул жерде иштегиси келгендигин сезген.Ошондой эле ал Компания бир жерде турбагандыгын жана бардык процессте өнүгүү болуп жаткандыгын белгилейт. Эмне үчүн Компанияны баалайм- деген суроого жооп берип жатып, ал өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу жана Тechnodom бул жөн гана аткара турган иш эмес экендигин жана эс алуу мүмкүнчүлүктөрүн айтып берди. Ага эс алуу күндөрүн жамааты жана үй-бүлөсү менен бирге ECODOM эс алуу базасында убакыт өткөрүү, ар кандай тренингдерге жана иш чараларга катышуу, корпоративдик иш-чараларга катышуу, жаңы долбоорлордун мүчөсү болуу абдан жагат.

Документтер менен иштөө сен үчүн кубаныч гана тартуулайбы? Айжандын командасына кош келиңиздер!
Силерге кошулууну каалайм
image image
Антон Судариков
чекене сатуулар боюнча директор
Компанияда 2004-жылдан бери эмгектенет.
«Мен өзүм качандыр бир убакта карьерамды сатуучудан баштагам, ошол себептен алардын өсүүсүнө абдан көңүл бөлөм жана алар менен бир толкунда болууга аракет кылам»
Антон, көп сандаган департаменттин директору болуп эмгектенет жана өзүнүн убактысынын көп бөлүгүн командировкаларда өткөрөт, ал үчүн ар бир сатуучу менен жакындан таанышуу жана алардын максаттарын, идеяларын жакындан билүү чоң мааниге ээ. Анын эң негизги тапшырмаларынын бири – бул жаш муундун өнүгүүсү, себеби алардын алдында эч кандай чектөөлөр жок деп эсептейт. Анын командасында азыркыга караганда жакшы жашоону каалаган жаштар бар жана ал үчүн алар үйрөнүү, эмгектенүүгө даяр.

Өзүңдүн жыйынтыктарыңды көрүү менен бирге мыкты сатуучу болууну каалайсыңбы?Антондун командасына кош келиңиздер!
Силерге кошулууну каалайм
image image
Меруерт Умарбекова
бөлүштүрүү пунктунун башчысы
Компанияда 2015-жылдан бери иштейт.
«Менин жашоодогу кредом –тар жерлерде көзүңдү жумбоо жана чечимдин кандай гана баа менен болсо да табуу, ал эми мыкты шыктандыруу– бул ар бир кызматкерге берген Компаниянын жаңы тапшырмалары жана багыттары»
Меруерт өзүнүн биринчи иш күнүн толкундануу жана коркуу сезимдери бир келген күн катары эстейт, анда бул жумушту алып кете албайм деген сезимдер болгон, себеби көп принциптер жана процесстер ал үчүн жаңы болгон. Бирок ынтымактуу команда жамаатка сиңип кетүүгө, Компаниянын ичиндеги процесстерди жакшылап түшүнүүгө жардам берген. Меруерт үчүн иш бул биринчи орунда көп сфераларда жакшыруу, оптимизация тарапка карай өзгөрүү мүмкүнчүлүгүн берген сүйүктүү жумушу. Ал Компанияны көп кырдуулугу жана профессионалдык сапатта өсүү мүмкүнчүлүгү үчүн баалайт. Меруерт Компанияда 4 жыл эмгектенүүнүн ичинде көп командалар менен иштешүүгө жетишти, жаңы нерселерди үйрөндү, софт скиллди жакшы өздөштүрүп ишинде колдоно алды.Бүгүнкү күндө Меруерттин негизги максаты – ар бир кардарга биздин Компаниядан оңой жана ишеним менен товар сатып алууга жардам берүү.

Жаңыланууну жакшы көрүп, өзгөрүүлөргө даярсыңбы? Меруерттин командасына кошул!
Силерге кошулууну каалайм
image image
Асхат Сулейменов
контент-бөлүмдүн башчысы
Компанияда 2014-жылдан бери эмгектенет.
«Менин оюм боюнча эң мыкты мотивация бул – конкреттүү жана кызыктуу максаттардын болуусу, ал эми бизде- рыноктогу эң мыктылардын бири болуу максатыбыз бар»
Асхат компанияга контент-адис катары кабыл алынган. Компанияда беш жыл эмгектенүүнүн ичинде анын жамааты потенциалын байкагандыгына ыраазычылык билдирет жана өзү дагы ар дайым өзүнүн кызматкерлерине ушундай мамиле кылууга аракет кылат. Жана ошондой эле жамааттагы ишеничке, бири-бирине ишенич артуу мүмкүнчүлүгүнө баа берет. «Компанияда ачык эшик саясаты, бул кандай гана убакыт болбосун ким болбосун бири-бирине суроо менен кайрылууга болот жана эч ким жардам берүүдөн баш тартпайт дегенди билдирет» – дейт Асхат.

Асхаттын командасында иштеп жана Компаниянын негизги сайтын толуктагың келеби? Кошул!
Силерге кошулууну каалайм
Биздин артыкчылыктар
image
Команданын бир бөлүгү болуу
Форманы толтур жана резюме менен файлды тирке

    image
    image
    Класс! Арыз жөнөтүлдү! Биз сага сөзсүз түрдө кайра чалабыз!
    image